Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Бир учурда 3 жумушту аркалаган аң-өстөндүк «супер келин» Бурул Уркунчиева
Янгиликлар

Бир учурда 3 жумушту аркалаган аң-өстөндүк «супер келин» Бурул Уркунчиева

Май 23, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Жети-Өгүз районуна караштуу Аң-Өстөн айылынын тургуну Бурул Уркунчиева бир учурда 3 жумушту аркалап келет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек куруп келди.

Бурул Уркунчиеванын айтымында, аракет жана эмгек ийгиликке алып келет.

«Мен 1983-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында жарыкка келгем. 2000-жылы мектепти аяктаган соң Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырдым. Окуу жайды аяктаган соң Аң-Өстөн айылына келин болуп келип калдым. Жолдошум Теңдикбек Байсеитов Ички иштер кызматында иштеп, азыр эс алууда. Биздин 2 уул, 2 кызыбыз бар.

Эмгек жолумду мектепте мугалим болуп иштөө менен баштагам. Анан эле айылга бала бакча ачылып калып, 2017-жылдан бери тарбиячы болуп эмгектенип келем. Бала бакчадан бөбөктөргө тарбия берип, иштен келген соң уй саап, үй жумуштары менен алек болом. Андан кол бошой калса, тикмечилик менен алекмин. Бакчадагы бөбөктөргө каармандардын кийимдерин, ар кыл майрамдык иш-чараларга кийим-кечектерди, бакча ичин жасалгалоого өзүм образ жаратып тигип келем. Аял кишинин жумушу кыйла оор, бирок аракет кылуу менен жетишсе болот деп ойлойм. Мен өз ишимди жактырам, балдарга изденүүчүлүк, ойлоп табуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга үндөп келем. Анан ар бир майрамда сөзсүз бакчадагы бөбөктөргө улуттук кыргыз кийимин, тебетей, элечек, кыргыз көйнөк, бешмант жана башка түркүн кийимдерди тигип берем. Анан алардын мааниси улуттук каада-салт боюнча да, тарбиялык мааниде да сабактарды өтүп келем», – дейт Бурул айым.

Каарманыбыз жолдошу экөө мал чарбачылыгы менен да алектенишет.

«Жолдошум менен кеңешип мал чарбачылыгына басым жасап, асыл тукум уй баласын багууга аракет кылдык. Ал үчүн атайын окуулардан окуп, тажрыйба топтоп келдим. Айылда деле жакшы жашоого шарт түзүп алса болот экен. Азыр жолдошум экөөбүз асыл тукум мал багууга тыным албаган аракет көрүп, анын акыбети кайтып жатат. Уй саап, сүт өткөрүп, эт багытындагысын бордоп (семиртип) жолдошум сатып келет. Ошентип чакан чарбабызды түптөп алдык. Айылда көп деле нерсе сатып албайбыз, экологиялык таза азыктар менен тамактанууга аракет кылабыз. Азыр жолдошум сандан сапатка өтүп чарбасын кеңейтүүнү максат кылып жатат. Асыл тукум уй баласы сүт, эт берип, кирешелүү болот экен.

Ошентип бала бакча, чарбачылык, тикмекчилик кесибин аркалап жатам», – дейт.

Айыл тургундары элеттик келин Бурул айылда «активдүү, супер келинчек» деп таанышат. Анткени айылдагы иш-чараларга такай катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстандагы келиндер орто эсеп менен биринчи баласын 23-24 жашында төрөшөт
Next Article Азирет Автандилов — өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.