Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы МТФ-2 конушунун аймагында жана Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын №377 контурунда айыл чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз тургузулган пайдубалдар буздурулганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № ПЖ-109 «Жер тилкелерин өз алдынча жана мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
