Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ч.Айтматов проспектисиндеги жолду кеңейтүүнүн алкагында буздурулуп жаткан тосмолор боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, 26-майда Ч.Айтматов проспектисинде калган 26 объектти – тосмолорду жана жеңил конструкцияларды бузуу иштери башталган.
«Биз тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, эмне үчүн мындай кылып жатканыбызды түшүндүргөнбүз. Чечимдер мурда эле кабыл алынган. 1970-жылы ошол кездеги мыйзамдарга ылайык башкы план бекитилген, ага ылайык, жер мамлекеттики болгон. Андан кийин жеке менчик түшүнүгү кирди, мыйзам кабыл алынды. 1970-жылдары бекитилген башкы план 2006-жылы кайра бекитилди. 2009-жылдагы деталдуу пландоодо Ч.Айтматов проспектисиндеги жол кандай кеңейтилери аныкталган», – деди Жунушалиев.
Мэрдин айтымында, бул маселени карап жатканда документтер архивден чыгарылып, изилденген.
«Тургундар жер тилкелер үчүн 3 эсе, 10 эсе чоң жер тилкесин берүүнү талап кылып жатышат. Мындай болбойт. Мен өзүмө жол салып жаткан жерим жок. Биз коомдук жол куруп жатабыз, коомдук маанидеги маселени чечип жатабыз. Ошого жараша баарына бирдей мамиле кылабыз», – деди мэр.
Анын айтымында, компенсация маселеси ачык бойдон калууда. Бирок, айрым коюлган суммалар, 1 сотых жерге 100 миң суроо — туура эмес.
«Бардыгы колдонуудагы мыйзамдардын жана кабыл алынган чечимдердин чегинде каралат. Бул Жогорку Кеңеште да, шаардык кеңеште да талкуу жаратты. Биз барып, алар менен сүйлөштүк. Дагы канча уланышы керек? Күтө албайбыз. Тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып жолду бир жылга жабык калтыра албайбыз. Жол ачылышы керек. Биз 26 адам үчүн эмес, бүткүл шаар үчүн шарттарды түзүшүбүз керек. Жол курууга, жолду кеңейтүүгө, жол инфраструктурасын түзүүгө тоскоол болгон бир дагы объект калтырылбайт. Биз маселени чечүү жолдорун издейбиз, талкуулайбыз. Бирок ишти токтотпойбуз», – деп түшүндүрдү Жунушалиев.
Учурда президенттин иш башкармалыгы Чыңгыз Айтматов проспектисин Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейин кеңейтүү долбоору менен алектенип жатат. Ага ылайык, жол 6 тилкелүү болуп кеңеет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды