Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкекте пара алууга шектүү жарандар кармалды, деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы.
Болжол менен 10-май күнү кечки саат 23:00 чамасында Киев көчөсүндө милициянын Кайгуул кызматынын унаасы «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унааны кууп жөнөп, айдоочу токтоого аргасыз болгон. Айдоочунун айтымында, милиция кызматкерлери андан 15 миң сом талап кылышкан, талапты аткарбаса унааны айып короого киргизүү менен коркутушкан. Айдоочу макул болуп, алардын биринин электрондук капчыгына 12 миң сомдон ашык акча которгон.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен катталган.
Тергөө иштеринин алкагында шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Алар Бишкек ШИИББдин МКККнын полкунун милиционери милициянын кенже сержанты У.у.Т. жана Бишкек ШИИББдин МККБ полкунун кенже тескөөчүсү милициянын кенже сержанты Ш. А. аттуу жаран болуп чыккан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
