Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Жайыл районунда чет өлкөлүк жарандын унаасы өрттөнүп кетти.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 2-май күнү саат 05:00 чамасында Бишкек—Ош жолунун 64-чакырымында жол кырсыгы катталган.
Чет элдик номурдагы «Шевролле» үлгүсүндөгү унаа трассада түштүктү көздөй бара жаткан. Айдоочу Өзбекстандын 2000-жылы туулган жараны болгон. Жаш жигит рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. Анын кесепетинен унаа өрттөнүп кеткен. Ал эми айдоочу жабыркаган эмес.
Унаада газ жабдуулары орнотулган, ал бүтүн бойдон калган, бирок унаа өзү күйүп кеткен.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
