Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекторлору Бишкек—Токмок жолунда жол эрежесин бузган айдоочуларды аныктоо үчүн дрон колдонуп жатышат.
15-майда ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол оңдолуп жаткан бөлүктө рейд жүрүүдө.
«Айрым айдоочулар өздөрүн өтө акылдуумун деп эсептеп, оңдоо иштери жүрүп жатканын көрүп туруп, унаалар тыгында бара жатканына карабастан, башка жол кыймылынын катышуучуларын тоготпой, жолдун жээгине чыгып, чаң чыгарып, кайра катарга кирип, жасалма тыгын жаратышат», – дейт ЖКККББ.
Жол эрежесин бузуу фактылары дрондун жардамы менен катталып, андан кийин айдоочулар токтотулуп, айып пул салынууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					