Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жогорку сот Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча чыгарылган өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу «Tazabek» басылмасына булактар билдирди.
Ал эми Жогорку соттун басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.
2020-жылдын 10-октябрынан кийин С.Исаковдун жүргөн жери белгисиз. Ал камактан октябрь окуяларында бошотулган. Андан кийин эл аралык издөө жарыяланган.
Сапар Исаков КР Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү, 319-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылдагы редакциясында) менен күнөөлүү деп табылып, 15 (он беш) жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колониясында өтөө, андан тышкары президенттин 2015-жылдын 21-октябрындагы жарлыгы менен ыйгарылган атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык даражасынан ажыратуу, 2016-жылдын 18-июнундагы жарлык менен ыйгарылган II даражадагы “Манас” орденинен ажыратуу жана 3 жылга мамлекеттик органдарда кызмат ээлөө укугунан ажыратуу чечими чыккан.
Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 6-июнунан тартып эсептелет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
