Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 2 көпүрөнүн курулушу боюнча кайрадан тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалымат боюнча, курулуштун болжолдуу суммасы 151 млн 851 миң 32 сомду түзөт.
Арыздар 2025-жылдын 22-майында саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
1) Шүкүров көчөсүндөгү Чоң Чүй каналы аркылуу Медеров көчөсүнө чыккан көпүрөнүн курулушуна — 23 млн 163 миң 965 сом;
2) Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн дарыясы аркылуу көпүрө курууга 128 млн 687 миң 67 сом каралган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
