Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жубайлар — 1984-жылы туулган Абдразаков Тимур Каримович, жана 1992-жылы туулган Мээрим Кайрат кызы изделүүдө деп маалымдады, Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 12-май күнү кечки саат 23:40 чамасында милицияга маалымат түшкөн. Анда ушул эле күнү саат 15:40та Жумабек көчөсүндөгү жумушунан — «МД Бильярд» бильярддык клубунан чыккан Мээрим Кайрат кызы дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган. Аны акыркы жолу жолдошу менен бирге көрүшкөн.
Укук коргоо органдары эркек киши жубайын кызганып, аны белгисиз жерде кармап турат деген ойдо. Милиция тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат жана жубайларды көргөн же алардын кайда экенин билген жарандарды 0 (700) 050-505 же 102 номурлары аркылуу байланышууга чакырат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
