Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин күзөт кызматкери табелдик куралын жоготуп алды. Бул маалыматты 25-майда «АКИpress» агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов тастыктады.
Ал бул факт боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Булактардын маалыматы боюнча, окуя 23-майда кайтарууда турган мамлекеттик объекттердин биринде болгон.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
