Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 22-майда Бишкек шаарындагы Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде угуусу начар балдар менен кыздар арасында күрөш жана таэквондо боюнча турнирдин ачылышы өттү.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 1-июнь — Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду.
Быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жогоруда аталган мелдештерге 100дөн ашуун жаш спортчулар, анын ичинде дүлөй балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучулары катышты.
Иш-чаранын максаты — инклюзивдүү спортту колдоо жана өнүктүрүү, тең мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү жана өзгөчө балдардын дене тарбия жана спорт аркылуу өзүн-өзү ишке ашыруусуна шарттарды түзүү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, балбан Айсулуу Тыныбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Жоомарт Шамканов, директор, машыктыруучулар жана Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин өкүлдөрү катышты.
Майрамга карата турнирдин бардык катышуучуларына бал муздак бекер таратылды.
Турнирдин уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби болду.
Мелдештин жыйынтыгы:
Күрөш, 30 кг:
- 1-орун — Нургалиев Аман
- 2-орун — Мунуров Кемран
- 3-орун — Романов Николай
- 3-орун — Мукамбеков Бакай
Күрөш, 35 кг:
- 1-орун — Обдуллаев Иса
- 2-орун — Бейшенков Нурислам
- 3-орун — Нуридинов Билал
- 3-орун — Ибраимов Мухаммед
Күрөш, 55 кг:
- 1-орун — Игнатов Алмаз
- 2-орун — Таджиев Адам
- 3-орун — Ходжаев Мухаммад
- 3-орун — Мырзабеков Ислам
Таэквондо, балдар 28 кг:
- 1-орун — Нурбеков Абу Бакир
- 2-орун — Сейдикеев Элхан
- 3-орун — Акиралиев Алибек
- 3-орун — Мазекиров Салман
Таэквондо, кыздар 28 кг:
- 1-орун — Махратбек кызы Савда
- 2-орун — Кыштаков Раушан
- 3-орун — Мустапакулов Алихан
Таэквондо, балдар 38 кг:
- 1-орун — Кудайбергенов Байел
- 2-орун — Уграйцкий Максим
- 3-орун — Курбанов Сардарбек
- 3-орун — Кочкоров Бекболот
Таэквондо, кыздар 38 кг:
- 1-орун — Жекшебаева Аделина
- 2-орун — Темирова Аделина
- 3-орун — Таалайбекова Адинай
- 3-орун — Абдижалилова Акмаанай
Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана белектер менен сыйланышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
