Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Агартуу министрлигинин «Мектеп» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы каттоого мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Биргелешкен мониторингдин алкагында кээ бир адамдар мыйзамдуу өкүлдөр (камкорчулар) катарында жасалма документтердин негизинде балдарды электрондук түрдө катташканы — бир эле мыйзамдуу өкүлгө 4 жана андан көп баланы электрондук түрдө каттоо фактылары айкындалды. Атап айтканда, Бишкек шаарындагы №29 мектепке 86 баланы мыйзамсыз каттоо фактылары белгилүү болду. Ушундай эле учурлар башка мектептерде да аныкталды.
Мыйзамсыз катталган бардык балдар боюнча маалыматтар «Мектеп» системасынан жокко чыгарылды. Ошентип, №29 мектепте 86 орун бошоду, бул орундарга ошол микроучастокто катталган балдар 1-2-класстарга кабыл алынат.
Бул мектептен чыгарылган бардык балдар 2-июндан баштап 1-2-класстарга каттоонун экинчи этабында кайрадан каттала алышат.
2025-2026-окуу жылында 1-2-класстарга каттоо онлайн-форматта 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу, ошондой эле «Түндүк» жана башка тиркемелердин жардамы менен жүзөгө ашырылууда. Ушул тапта каттоонун биринчи этабы жүрүп жатат. Биринчи этапта мектепти тандай элек ата-энелер 2-июндан баштап мектепке балдарын каттай алышат.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды