Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Жалпы аянты 751,2 чарчы метр болгон Бишкек шаарындагы №67 мектептин жеке имаратын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
1988-жылы Бишкек шаарындагы №67 мектептин имаратынын базасында кошумча компьютердик кабинеттер — СССР илимдер академиясынын илимий-окуу комплексинин Фрунзедеги филиалынын Космос илим-изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун (АКБ КИИ) муктаждыктары үчүн 11 окуу кабинети (1-кабат) жабдылангандыгы аныкталган. Аталган АКБ КИИ кийинчерээк АКБ «А», ал эми 1992-жылы «А» акционердик коому болуп өзгөртүлгөн.
Кийинчерээк социалдык объектилер үчүн менчиктештирүү жол-жобосун жүргүзүүдө белгиленген тартипти бузуу менен жайлар жеке менчикке сатылган.
Ммекеменин учурдагы ээси менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуулар фактысы менен макул болуп, жайды мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берди.
УКМКнын маалыматы боюнча, бул жайда «Нова» билим берүү мекемеси бар, ал мектеп окуучуларын ЖРТга даярдап келет.
Ал эми «Нова» билим берүү мекемесинин бүтүндүгүн эске алуу менен ал жайларды мындан ары пайдалануу үчүн Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыска мөөнөттүү ижарага алууга укуктуу.
Министрлер кабинетинин 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтомуна киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мурдагы менчик ээлери мамлекеттик менчикте турган имараттарды ижарага жана пайдаланууга укуктуу.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
