Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 18-майга караган түнү Бишкек шаарында болгон катуу шамал инфраструктурага зыян келтирди, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Шаардык кызматтардын маалыматы боюнча, табият кырсыгы 23 даракты кулатып, дагы 49 даракка зыян келтирген. Кулаган бутактардын жана таштандылардын кесепетинен токтоп турган унаалар жабыркады. Алардын айрымдарынын айнектери талкаланган.
Ошондой эле турак жайлардын жана коммерциялык объектилердин чатырлары жабыркаганы тууралуу маалымат бар. «Ала-Тоо» аянтындагы мамлекеттик желек тытылып, ал 30 мүнөттүн ичинде алмаштырылды.
Шаарда авариялык бригадалар иштеп жатышат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					