Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2-майдан тарта Бишкек шаарындагы Шабдан баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылы токтотулду. Тактап айтканда Достоевский көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки тилкенин түндүк тарабы жабылды.
Буга чейин Лермонтов көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Муну менен Шабдан баатыр көчөсүнүн Курманжан датка—Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык.
Жолдун түштүк тарабында эки тараптуу кыймыл бар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
