Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкекте 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтө турган парадга 120дан ашык заманбап аскердик жана атайын техника катышат.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы үлгүдөгү техникалар акыркы жылдары алынган. Алар Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн балансында турат. Техникалардын арасында брондолгон жол тандабастар, жеке курамды, аскердик мүлктү ташуучу «Тигр» автомобилдери, ошондой эле зениттик-ракеталык комплекстер жана башкалар бар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
