Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызамык менен ооруган 171 бейтап жатат, бир баланын абалы оор. Бул тууралуу 13-майда оорукананын балдар бөлүмү боюнча башкы дарыгердин орун басары Нургүл Молдалиева «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Ал күз айларынын аягында жана кыш мезгилинде ооруканада абал татаал болгонун белгиледи.
Ал оору күчөп турганда орун жетишсиздиги, көптөгөн адам кезекте турганы тууралуу сөз болуп келгенин белгиледи.
«Мунун баары сезондук ооруларга мүнөздүү болгон курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) көтөрүлүшү менен дал келди. Ата-энелер көбүнчө балдарын шашылыш түрдө алып, жашаган жериндеги поликлиникага кайрылгандын ордуна дароо ооруканага барышат», – деди ал.
Молдалиева кызамык оорусу учурда да актуалдуу экенин кошумчалады. Оорукана 500 орунга ылайыкташтырылган болсо, бүгүнкү күндө ооруканада 423 бейтап жатат, алардын 171и кызамык менен ооруйт.
Оорукананын 6 бөлүмү кызамыктан жабыркаган бейтаптар менен иштейт.
Жыл башынан бери Кыргызстанда 9 бала кызамыктан улам каза болду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
