Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Май айындагы майрамдарда Бишкек шаарынын тургуну, спортчу-балыкчы Артем Седов үй-бүлөсү менен Ысык-Көл аймагын кыдырып жүрүп, Түп айылына жакын жайгашкан кичинекей көлмөдөн ири каңылтыр (карп) кармап алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Артем Седовдун айтымында, бул балык уулоо алдын ала пландалбаган. Жөн гана балык уулоону жакшы көргөндүктөн, дайыма жанына жөнөкөй кайырмагын ала жүрөт.
«Көлмө жээгине келип, кайырмакты ыргыттым. Алгач майда таманбалык (карась) кармалды. Биринин артынан бири, экинчи, үчүнчү түшө берди. Андан кийин илгичти тартып көрүп, чоң балык кармалганын дароо түшүндүм», – деди Артем.
Тажрыйбалуу балыкчы шашпастан, чоң балык менен 15 мүнөткө созулган күрөш жүргүзгөн. Ошол учурда жубайына уюлдук телефон менен бул процессти видеого тартууну суранган. Акыры, узак кармаштан соң жээкке 5 килограмм 980 граммдык каңылтырды тартып чыгарууга жетишкен.
«Бул мен үчүн жөнөкөй кайырмак менен кармаган балык уулоодогу рекорд болуп калды», – деп белгиледи Артем Седов.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
