Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – 26-майда Бишкек шаарындагы 120 мектепте 9-класстын 21 миң 637 окуучусу жана 11-класстын 10 миң 678 бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бардык мектептерде окуу жылынын аякташына байланыштуу салтанаттуу линейкалар өттү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, акимиаттар жана райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан жооптуу кызматкерлердин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулган. Коопсуздукту камсыздоо максатында коомдук жайларда рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмунун аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чаралар учурунда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелер коомчулугу менен чогулуштар өткөрүлдү.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
