Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык спортчу Мырзакир Кошалиев Шри-Ланкада өткөн жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.
22 жашка чейинки спортчулардын арасындагы мелдеш бүгүн, 23-майда аяктады.
Кошалиев 92 кг салмактан жогору категорияда күч сынашты, бул категорияда 4 спортчу катталган болчу.
Кыргызстандык спортчу жарым финалда Өзбекстандан келген Арман Махановду, ал эми финалда Казакстандан келген Ерсултан Сапарды калыстардын добушу менен жеңди.
Ага чейин Азия чемпионатынын алтын медалын кыргызстандык Омар Ливаза да уткан.
Алмаз Орозбеков, Элдар Турдубаев, Сагын Сатыбалды уулу жана Азим Чойбеков финалда жеңилип, күмүш медалга ээ болушту.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
