Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Борбор калаада бала бакчалардын тарбиялануучулары арасында STEAM технологияларды киргизүү боюнча шаардык кароо-сынак өткөрүлдү — Билим АКИpress
Янгиликлар

Борбор калаада бала бакчалардын тарбиялануучулары арасында STEAM технологияларды киргизүү боюнча шаардык кароо-сынак өткөрүлдү — Билим АКИpress

Май 24, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Билим АКИpress – 2025-жылдын 22-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №59 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында бала бакчалардын тарбиялануучулары арасында SТEAM-технологияларды киргизүү боюнча кароо-сынак өткөрдү.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, кароо-сынактын негизги максаты жана милдети алгоритмдер жана программалоонун негиздери, чыгармачыл инженерия жана курулуш, анимация педагогикасы жаатында балдардын жаңы билимдерин, көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат. Ошондой эле 6-7 жаштагы мектепке чейинки курактагы балдардын арасында илимий-техникалык чыгармачылыкты жайылтуу, инновация жана технология чөйрөсүнө балдардын кызыгуусун стимулдаштыруу.

Сынактын катышуучулары Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган 6-7 жаштагы балдар болду.

Номинациялар:

Алгоритмдик жана «Робомыш» топтому менен программалоонун негиздери: катышуучулардын жашы — 6 жаш, 13 бала катышты. Биринчи орунду №35 бала бакча, экинчи орунду №71 бала бакча, үчүнчү орунду №100 бала бакча ээледи.

«Лего мастер» Лего конструкциясы: катышуучулардын жашы — 6 жаш, 8 катышуучу көрсөтүлгөн. Биринчи орунду №61 бала бакча, экинчи орунду №18 бала бакча, үчүнчү орунду №22 бала бакча ээлешти.

Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн санариптик «Мультстудияны» колдонуу менен балдардын анимациялык мультфильмдери: 6-7 жаштагы балдардын жана тарбиячынын долбоордук иши даяр мультфильм менен калыстар тобунун баалоосу үчүн алдын ала берилген. Табыштамаларды №18 жана №22 бала бакча берген, экөө тең компьютердик техникага сертификат алышты.

Этно-SТЕAM: катышуучулардын жашы — 6 жаш, 12 бала катышкан. Биринчи орунду №21 бала бакча, экинчи орунду №61 бала бакча, үчүнчү орунду №111 бала бакча ээлешти.

Этно-SТЕAM номинациясында жеке ишкер Рысбек уулу Солдатбек байге фондунун демөөрчүсү болгон. Ошондой эле башка номинациялардын жеңүүчүлөрү Билим берүү департаментинен тиешелүү сертификаттары бар түстүү принтерлерге, компьютерлерге, жөнөкөй принтерлерге ээ болушту.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЫсык-Ата районундагы айылдарга алып барчу унаа жол 10 күндүн ичинде оңдолот
Next Article Арстанбек уулу Тилек Миң-Булактагы «Таза-Булак» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.