Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Цементтин баасы 1 жыл ичинде кандай өзгөрдү?
Янгиликлар

Цементтин баасы 1 жыл ичинде кандай өзгөрдү?

Май 19, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  «Tazabek» редакциясы цемент рыногундагы абалга баяндама даярдады.

Кабарчы 14-майда бир нече базарды жана курулуш дүкөндөрүн кыдырып чыгып, мониторингдин жүрүшүндө жергиликтүү цемент төмөнкү баада сатылып жатканын аныктады:

М 400  баасы — бир кап (50 кг) үчүн 480-500 сом;

М 450  баасы — бир кап үчүн 600 сом.

Цемент сатуучулардын айтымында, цемент жеткирүү кайрадан жанданды, бирок бир жума мурун толугу менен токтоп калган болчу. Баанын кескин өсүшү да ушундан улам болгон.

«Учурда цементтин 400 маркасы Кызыл-Кыя жана Аравандан 480 сомдон келип жатат. Тартыштык болгон, бирок азыр жеткирүүлөр кайра жанданды жана тартыштык жок. Бир ай мурун 350-380 сомдон сатылып жаткан, бирок тартыштыктан улам баалар көтөрүлдү.

Ошондой эле логистиканы жана жеткирүүгө болгон баалардын өсүшүн эске алуу керек. Мурда Аравандан жеткирүү килограммына 1,5 – 1,6 сомду түзсө, азыр 2 – 2,3 сом болууда. Баалар негизинен тартыштыктан улам көтөрүлдү, эгерде биздин өндүрүүчүлөр жеткирүүлөрдү көбөйтсө, анда баалар турукташат. Импортко мораторий киргизилген экен, аны кылбаш керек эле. Өзүбүздүн өндүрүүчүлөр жетишпей жатат, ошондуктан импортко уруксат бериш керек болчу. Биз цемент жок болгондуктан 3 жумадан ашык аны саткан жокпуз», – деп түшүндүргөн сатуучу.

Соода жайындагы сатып алуучу цементтин тартыштыгы байкалып жатканын, бирок бир жума мурдагыдай курч эмес экенин айткан.

«Жакында эле Чүй цементин 350 сомдон, ал эми Кызыл-Кыя цементин жеткирүүсү менен 370 сомдон сатып алчубуз, бирок тартыштыктан улам баалар кескин көтөрүлүп, 600 сомго чейин жетти. Азыр баалар бир аз түштү, бул жерден 50 кг үчүн 500 сомдон сатып алып жатам.

Курулуш жүрүп жаткандыктан жана куруучулар жалданып алынгандыктан, азыр ушундай баада сатып алууга аргасызмын, ишти орто жолдон таштап кетүүгө болбойт, аягына чыгаруу керек. Куруучулар күтпөйт да. Цементти табуу абдан кыйын, мурда телефон чалып тапшырык кылчубуз, сатуучулар жеткирип беришчү, азыр андай эмес, издеш керек», – деген ал.

«Tazabek» редакциясы 2024-жылдын июнь айынан 2025-жылдын май айына чейинки баалардын өсүү динамикасынын графигин жарыялады:

Flourish logoA Flourish data visualization

Май айынын башында Бишкектеги курулуш компаниялары жана курулуш материалдарын сатып алуучулар цементтин жетишсиздигине туш болуп, бул баанын өсүшүнө алып келди.

Монополияга каршы жөгө салуу кызматынын өкүлдөрү мунун себеби курулуш сезонунун башталышы жана айрым цемент заводдорундагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин түшүндүргөн.

Цемент заводдору рынокто цементтин жетишсиздиги кыска мөөнөттүү экенин, ал эми баанын көтөрүлүшү айрым абийирсиз ортомчу-сатуучулар тарабынан жасалма түрдө уюштурулуп жатканын билдиришкен. Айрым сатуучулар жана сатып алуучулар дагы цементти республикага ташып келүүгө мораторий киргизилгенин себеп катары аташкан. Бирок түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Министрлер кабинети 12-майда цементти өлкөгө ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну алып салды.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleӨзгөн шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди
Next Article Кара-Суунун тургуну 8 айлык арстанды мыйзамсыз багып жүргөн

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.