Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкекте 9-май күнү саат 22:00дөн баштап Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Мэриянын маалыматына караганда, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдынан өтүүчү жол жана унаа токтотуучу жай курулуп баштайт. Ушуга байланыштуу курулуш учурунда айрым автобустардын кыймыл схемалары өзгөрөт:
- №7, 34, 38, 166 автобустар Жумабек көчөсү менен жүрөт;
 - №5, 11, 16, 21, 25, 36, 50, 104, 129, 135, 152, 169, 216, 222, 227 жана 254 автобустар Киев көчөсү менен жүрөт.
 
Жол чырактардын иштөө цикли дагы кайра каралат.
Жумуштар 6 айдан 8 айга чейин созулат. Долбоордун жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөт.
Автобустардын кыймыл схемалары:
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					