Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкекте 9-майга караган түнү Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн толук жабылды.
Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу иштери башталды.
Мэрия белгилегендей, курулуш учурунда жогоруда аталган тилкеде айрым автобус каттамдарынын кыймылынын схемалары өзгөрөт:
- Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде №№7, 34, 38, 166 автобустары Жумабек көчөсүнө которулат;
- Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде №№5, 11, 16, 21, 25, 36, 50, 104, 129, 135, 152, 169, 216, 222, 227 жана 254 автобустары Киев көчөсүнө которулат.
Мындан тышкары, Киев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин убактылуу эки тараптуу болот. Чүй проспектисинен Ибраимов көчөсүнө түштүк тарапка бурулууга уруксат берилет.
Транспорт үчүн жол чыракиардын иштөөсү дагы жөнгө салынат.
Иштер 6 айдан 8 айга чейин созулат. Долбоордун жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөт.
Автобустардын кыймыл схемалары:
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
