Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Чүй ОИИББ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери алдыдагы майрам күндөрү жол тыгындардын алдын алууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында күчөтүлгөн тартипте кошумча постторду орнотуу менен жол тыгындарын жөнгө салышууда. Ошондой эле, катуу ылдамдыкта айдагандарга, мас абалында унаа башкаргандарга жана каршы тилкеге чыккандарга каттуу чараларды көрүшөрүн эскеришет.
Тургундар эс алуу күндөрү тоо тарапка көп каттай баштагандыктан Кой-Таш айылындагы «Теплые ключи» эс алуу жайына барчу жолдо, Дооронбек Садырбаев, Шабдан Баатыр көчөлөрүндө унаа тыгындары пайда боло баштады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
