Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Чүй облусунун аймагында 480 гектар жерге химиялык иштетүү жүргүзүлдү, деп маалымдады Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 13-майда Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн тургундарынан аймакты чегирткелердин көбөйүшү тууралуу билдирүү түшкөн. Кайрылуунун негизинде 14-май күнү эртең менен адистер окуя болгон жерге чыгып, кырдаалды баалап, химиялык иштетүү жүргүзүшкөн.
15-майга карата Чүй облусунун аймагында жалпы 1820 гектар аянтта изилдөө жүргүзүлүп, алардын ичинен 1236 гектарда чегирткелердин очогу аныкталган. Дары чачуу үчүн Жайыл районунда 2 трактор жана Панфилов районунда 3 трактор атайын техникасы тартылган.
«Жогоруда көрсөтүлгөн райондордон тышкары, Чүй облусунун башка райондорунда да мониторинг иштери улантылып, айыл чарба жерлеринде зыянкечтердин очогун аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Аныкталган учурлар боюнча жакынкы күндөрү тиешелүү химиялык иштетүүлөр башталат», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
