Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Ата районундагы Буденов айылында сарайдан чыккан өрт саат 19:14тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, тилсиз жоонун кесепетинен 3 жаштагы Б.Р. аттуу наристе жабыркаган, учурда абалы туруктуу.
Ал эми өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзгөн. Азыр материалдык чыгымдары жана себептери такталууда.
Маалымат түшөр замат өрттү өчүрүүгө саат 16:10до Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 16:19да 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо үйдү каптап кетүү коркунучунан өз убагында сакталып калган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
