Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Панфилов районунун Букара айылынын О.Текеев атындагы мектептин окуучулары көмөкчү чарбага 1000 түп помидор көчөтүн отургузушту. Бул тууралуу мектеп директору Насихат Сариева кабарлады.
Маалым болгондой, аталган мектепте 190 окуучу билим алат.
«Мектебибиз тоо этегиндеги айылда жайгашкан. Көмөкчү чарба түзүү максатында мектеп алдындагы 5 сотых жерге 1000 түп помидор көчөтүн отугуздук. Аны алдын ала окуучулар мугалимдер менен биргеликте 1000 желим идишке өстүрдүк. Мындан сырткары ашкабактын 100дөн ашык уругун да өстүрүп жатабыз. Окуу процесси менен практиканы айкалыштырып, жаш дыйкандар фермерлик ишти үйрөнүүгө багыт алышты», – деди ал.
Алынган түшүм мектеп ашканасында пайдаланылат.
- Буга чейин райондогу А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинде инкубатордон жөжө чыгарылып, сатыкка коюлуп жатканы кабарланган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды