Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Чүйдүн Садовый айылындагы 65 жылдан бери чечилбей келген суу маселеси чечилүү алдында турат
Янгиликлар

Чүйдүн Садовый айылындагы 65 жылдан бери чечилбей келген суу маселеси чечилүү алдында турат

Май 26, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагынын Садовый айылында 2 чакырымдай аралыктагы 3 ички көчөгө жаңы пластик түрүндөгү суу түтүктөрү тартылат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Административдик-аймактык реформадан кийин Садовый айылы административдик борбору болуп саналып, Сретенка, Александровка жана Садовый айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Миң-Булак айыл аймагы түзүлгөн.  

Андагы эң көйгөйлүү маселе Садовый айылында таза суунун таңкыстыгы. Суу түтүктөрү байма-бай жарылып, жергиликтүү тургундар таза суу менен толук кандуу камсыздалбай келет. Натыйжада, жашоочулардын нааразычылыны күчөп, социалдык тармактар аркылуу бийлик өкүлдөрүнө кайрылууда. Мындай көйгөй кайрадан көтөрүлүп, суусу убактылуу токтотулган Калинин көчөсүнүн жашоочулары менен жергиликтүү жетекчилер, депутаттар жолугуп, таза суу маселесин чечүүнүн механизмдери талкууланды.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Фарида Абидованын айтымында, бул көчөгө тартылган пластик түрүндөгү суу түтүгүнүн пайдалануу мөөнөтү бүткөн.

«Ырас, таза суу көйгөйүн тарткандардын бири Калинин көчөсүнүн жашоочулары. Суу түтүгү эскирди, чириди. Жарылган жери оңдолуп, суу жүгүртүлгөндө экинчи, үчүнчү жери жарылып жатат. Ошондуктан таза суу убактылуу токтотулду. Сиздер туура түшүнүңүздөр, биз дайыма ачык-айкын диалог түзүүгө даярбыз. Көчөдө 25 үй-бүлө жашаса, анын 14ү суу түтүгүнө кошулса, калган 11 үй-бүлө жер алдынан чыккан сууну пайдаланып келгенсиздер. Бир аз сабыр кылсаңыздар жаңы суу түтүгү июнь айынын аягына чейин тартылып, көчө таза суу менен толук камсыздалат», – деди ал.

«Таза-Булак» муниципалдык ишканасынын директору Тилек Арстанбек уулу   Калинин көчөсүнө 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин 450 метр аралыкка жаңы пластик түрүндөгү жаңы суу түтүгү тартыла турганын убадалады.

Ал эми аталган көчөнүн жашоочусу Наталья Глуховская 25 турак жайдын 11и ушул мезгилге чейин жер алдынан сордурулуп чыккан суудан пайдаланып жатканын тастактап, ал да тунук, таза эместигин кошумчалады. 

«Учурда суу убактылуу токтотулду. Биз аны туура түшүнөбүз. Жаңы суу түтүгү тартылса баары эле ошол суудан пайдаланышат. Учурда биротоло суусуз калган жокпуз. Кошуналардан алып жатабыз», – деди ал.

Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаты, Садовый айылынын тургуну Баялы Саркулов төмөндөгүлөрдү айтып берди.

«Садовый айылынын тургуну жана көп жылдан бери жергиликтүү кеңештин депутатымын. Ошондон улам  таза суу көйгөйү боюнча толук маалыматым бар. Бизде суу түтүгү 1960-жылдары тартылган. Ошол убакыттан, тактап айтканда 65 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн жок. Суу түтүктөрү учурда жараксыз абалда болуп, 2008-жылдан бери коңгуроо кагылып келет. Ооба 2008-жылы таза суу департаментине кайрылган долбоорлор ишке ашпады. 2019-жылда жалпы сметасы 35 миллион сомго түзүлгөн долбоор “Ала-Тоо булагына” өтүп, кандайдыр бир себептер менен токтоп калган.

Мындай жагдайдан чыгуунун жолдорун издөө менен элди таза суу менен камсыздоодо муниципалдык ишканасынын суу боюнча бөлүмү тапкан кирешесин жарылган жерлерди оңдоого гана жумшап келет. Мына жергиликтүү бюджеттин эсебининен узундугу 2 чакырымдай пластик түрүндөгү сапаттуу суу түтүгү сатып алынган. Жаз алды менен атайын техникалар айдоо, арык, каналдарды тазалоо менен алектенди. Эми жакын арада Калинин жана башка көчөлөргө суу түтүгү тартылып, көп жылдык көйгөй чечилет», – деди ал.

  • Садовый айылы Бишкек—Кара-Балта унаа жол боюнда жайгашкан. Анда 52 көчөдө 10 миңден ашуун көп улуттуу калк жашайт.

———————————-

Буга чейин Turmush басылмасы Миң-Булак айыл аймагындагы көчөлөрдүн биринде суу түтүгү жарылып, көчөнү каптап жаткан суу токтотулганын жазган.

«Көчөбүздөн кантип өтөбүз? Өзгөчө, жамгырлуу күндөрдө көчөдө баса албай калдык. Бул көптөн берки көрүнүш. Деги бул жагдайды ким чечет?», – деген тургундар.

 

Бул багытта «Таза-Булак» муниципалдык ишканасы 19-майда суу түтүгү оңдолуп, арыктан ашып, көчөнү каптаган суу токтотулганын кабарлаган.

«Болгон аракетибизди жумшап жатабыз. 50 жыл мурда тартылган суу түтүгү чирип, ар жеринен жарылып жатат. Күнү-түнү иш үстүндөбүз жана атайын техникаларыбыз жетиштүү» – деген аталган ишкананын директору Рашид Шамуза.

 

——————————————–

2025-жылы 19-фералда Turmush басылмасына «Таза-Булак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рашид Шамурза Садовый айылындагы жарылган, тактап айтканда 50 жыл мурда тартылган суу түтүктөрү оңдолуп жатканын билдирген.

  • Админстративдик-аймактык реформадан кийин Александровка, Садовый жана Сретенка айыл аймактары бириктирилип, Садовый айылы административдик борбор болуу менен жаңы аталыштагы Миң-Булак айыл аймагы түзүлгөн. Анын курамына Беш-Көрүк, Александровка, Крупская, Садовый, Заря, Большевик жана Сретенка айылдары кирген жана калкынын саны 34 622.

Анын айтымында, айыл аймактагы байма-бай суу көйгөйү жаралып жатканынын себеби суу түтүктөрүнүн 50 жыл мурда тартылган.

«Айыл аймагыбызда таза суу көйгөйү байма-бай жаралып жатканы анык. Анын бирден бир себеби мындан 50 жыл мурда тартылган, суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Туура, күн жылып, жерден тоң кете баштагандан улам чириген суу түтүктөрү суу басымына туруштук бере албай жарылып жатат. Бирок элди таза суу менен камсыздоо зарыл. Жоопкерчиликти алуу менен биздин кызматкерлер таңдан кечке оңдоо иштерин жүргүзүүдө», – деген ал.

 

————————————-

Буга чейин Садовый айылында жер алдынан суу көтөрүлүп, 50 жыл мурда тартылган суу түтүгү ар жеринен улам жарылып, көйгөй жаратып жатканын жергиликтүү тургундар билдирген.

«Жол боюнда тартылган суу түтүктөрү улам ар жеринен жарылып, суу көчөлөрдү каптап, үйлөргө кирген учурлар катталып, булактардан да жер алдындагы суу да көтөрүлүүдө. Мындай көрүнүштү видеого тартып, социалдык тармак аркылуу жергиликтүү бийликке жеткирген соң алар суу толгон канализациянын люгун тазалап, суу түтүгүн оңдошкон. Арадан 2-3 күн өтпөй кайрадан суу жарылып, суу агып баштады. Бул жашоочуларды көйгөйгө салууда», – деген айыл аймактын жашоочуларынын бири.

Ал эми жергиликтүү тургун Светлана Сергиенко Бишкек—Кара-Балта унаа жол боюндагы үйлөрдүн биринде жашайт.

«Суу түтүгү жарылып, андан аккан суу көчөнү каптап, үйүмдүн ичи да сыз жыттанып, дубалдар жарылып баштады. Эмне кылсам болот? “Таза-Булак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери оңдойт, кайра эле жарылат. Суу түтүгү эскирген. Бул көйгөйдөн чыгыш үчүн аны алмаштыруу керек экенин айтып келем», – деген ал.

Мындай жагдай боюнча «Таза-Булак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рашид Шамуза төмөнкүлөргө токтолду.

«Бишкек—Кара-Балта унаа жол боюнда жайгашкан Александровка жана Садовой айылдарындагы узундугу 27 километр 700 метр аралыктагы суу түтүгү 1974-жылдары тартылган. Андан бери 50 жылдан ашты. Эскилиги жеткен суу түтүгү улам ар жеринен жарылып жатканы анык. Биздин жумушчулар кычыраган кышта белчесинен муздак суу кечип, канализацияны тазалап, оңдоп жатышат.

Ошондой эле айыл аймагы “Миң-Булак” деп жөн жеринен аталган жок да. Аймакта миңдеген булактар бар. Аба ырайы жылуу болгондо айрым жерлерден жер алдынан да суу көтөрүлүүдө. Бул да өзүнчө көйгөй. Быйыл буюрса айыл өкмөтүнүн колдоосу менен 10 чакырымга жакын жерге суу түтүгүн алмаштыруу мерчемделүүдө. Ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга айтаарыбыз: таза айыл, таза коом ар бирибизге керек. Каналазациянын люгун ачып же арыктарга таштанды таштоону токтотуу керек. Бизде ар жума сайын атайын унаа көчөлөрдү кыдырып, таштандыларды алып кетип жатпайбы. Ошого жүктөйлү», – деген ал.

  • Муниципалдык ишканада 60га жакын кызматкер эмгектенет жана 12 атайын техникалар менен камсыздалган.

————————————————–

Ошондой эле Садовый айылындагы Калинин көчөсүндө жер астындагы суу көтөрүлүп, коркунуч жаратып жаткан.

Тургундар аталган маселе боюнча былтыркы жылдан бери айыл өкмөткө жана муниципалдык мекемеге бир нече жолу кат жана ооз эки түрүндө кайрылышып, бирок эч кандай натыйжа болгон эмес.

«Биз бул сууну ичебиз, көрүп турганыңыздардай айланасы таштандыга толгон. Бул ден соолукка абдан зыян. Канализациянын люгу ачык бойдон калып, ичин суу каптады. Анын жанындагы жол аркылуу балдар мектепке барып келишет. Кимдир-бирөө суу каптаган чуңкурга түшүп кетсе ким жооп берет?» – дешкен тургундар.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстандын шаарларындагы абанын температурасы
Next Article Ысык-Көлдө мыйзам балык кармоо үчүн салынган 138 даана тор табылды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.