Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Жайыл районундагы токой тилкелериңде чоң көгүчкөндөр пайда болду.
«Токой тилкелериңде абдан чоң көгүчкөндөр пайда болду. Алар менен таң заарда жолугууга болот. Көбүнчө жуп-жуп болуп токой тилкелеринен жакын жайгашкан талааларда жем издешет», – дешет күбөлөр.
Эколог Александр Сосновский бул канаттуулар вяхирь деп аталган токой көгүчкөндөрү экенин, алар Кыргызстанда жашай турган кадимки түр экенин айтты.
«Вяхирь көгүчкөндөр токой тилкелеринин эң ээн, жапайы жерлеринде жашашат жана ал жактардан негизинен жем издегенде гана учуп чыгышат. Аларды тоо токойлорунда катуу куркурогону аркылуу байкоого болот. Вяхирь негизинен өсүмдүктөр менен азыктанышат, көбүнчө жакынкы талаалардан жем издешет.
Вяхирь — Кыргызстанда жашаган көгүчкөндөрдүн эң чоң түрү. Адатта алардын салмагы 700дөн 950 граммга чейин болуп, узундугу 40 сантиметрге жетет. Вяхирь көгүчкөндөрүнүн эти даамдуу жана пайдалуу. Кыргызстанда бул — мергенчилик куш. Аларды атууга спорттук мергенчилик мөөнөттөрүндө гана уруксат берилет», – деп кошумчалады ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
