Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Чет элдек фирмада эмгектенип, айлык маянасын ала албай жаткан тургун кантип 155 миң сомдон ашык акча өндүрүп алды?
Янгиликлар

Чет элдек фирмада эмгектенип, айлык маянасын ала албай жаткан тургун кантип 155 миң сомдон ашык акча өндүрүп алды?

Апрель 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл районунун тургуну Таалайбек Токтогожоев Балыкчы—Корумду жолун салууда лабораторияда лаборант болуп эмгектенип келген. Жолду жасап жаткан Кытай фирмасында иштеген жылдары ортодон 2022-жылдын декабрь айында, 2023-жылдын январь-февраль айларында айлык маянасын ала албай калган. 

Мындан улам ал Кыргызстан акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, айлык маянасы өндүрүлгөнүн билдирди. 

«Балыкчы—Корумду жолу жасалып жатканда 2015-жылдан 2023-жылга чейин иштедим. Анан ортодон 3 айдын айлыгын ала албай калгам. Бирок март айынан октябрга чейин иштеген айлыгымды беришкен. “Акча жок болуп жатат, күткүлө” деп, бербей келишкен. Ортодон айлыгы кечиктирилгендер алыптыр, анда укпай калып ала албай калгам. Анан облустагы акыйкатчыга кайрылгандан кийин айлыгымды өндүрүп беришти», – дейт ал. 

Таалайбек Токтогожоев 4 баланын атасы. Учурда башка жумушта эмгектенет. 

Кыргызстан акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү берген маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын  тургуну Токтогожоев Таалайбек Семетович арыз менен кайрылган. Анда «Лонг-Хай» ЖКЧсында эмгектенип, 2022-жылдын декабрь айында жана 2023-жылдын январь-февраль айларында айлык маянасын жана пайдаланбаган бардык өргүүсү үчүн акчалай компенсация  ала албай жаткандыгын билдирип, эмгектик укуктары бузулуп жаткандыгы боюнча чара көрүүнү өтүнгөн. 

Анын негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматына 2025-жылдын 18-фералында №64/55 кат жиберилген.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы берген маалыматы боюнча, Экономика жана коммерция министирлиги менен мерчемден тышкары текшерүүнү 2025-жылдын  3-мартынан 5-мартына чейин макулдашышкан. Текшерүү иштерин жүргүзүүгө «Лонг-Хай» ЖЧКсына ишкердик субъектиси катталаган жери — Балыкчы шаарынын Лесная көчөсүндөгү №11 дарегине барганда, ал жерде «Уют» аталышындагы мейманкана болуп чыкты. Ал эми мейманкананын администратору «Лонг-Хай» ЖЧКсы мейманканадан көчүп кеткенине 2 жыл болгонун билдирди.  

Мындан тышкары, 2025-жылдын 20-февралында №64/64 кат Балыкчы шаардык прокуратурасына жиберилген.

Прокуратура берген маалыматы боюнча, Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 02-053-2024-000286 сандуу тергөөгө чейинки өндүрүш боюнча акыркы жолу 2025-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.

Каттын алкагында кошумча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн иш козгоодон баш тартуу жөнүндө кабыл алынган токтом Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылып, акыркы процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Балыкчы ШИИБге жиберилген. 

2025-жылдын 16-апрелинде «Лонг-Хай» ЖЧКсы Т.Токтогожоевге үч айдын эмгек акысы — 155 миң 357 сом төлөнгөнүнө байланыштуу  тосмо арыз жазылды.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОш технологиялык университетинде ачык эшиктер күнү уюштурулду — Билим АКИpress
Next Article Мадина Турчиева 100% гранттын ээси болду — Билим АКИpress

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.