Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Өлкөдө жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү деп белгиленген. Бул майрамды утурлай бүгүн, 16-майда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы менен Чолпон-Ата шаардык мэриясы майрамдык иш-чара уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага район аймагынан келген, кадырман энелер, ар кыл тармакта эмгектенген айымдар катышты.
Алгач майрам ээлерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктап, эненин коомдогу, үй-бүлөдөгү эбегейсиз орду баса белгиленди. Салтанаттуу иш-чарада маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, соңунда белектер берилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
