Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Чолпон-Ата шаарында Юстиция министрлигинин административдик имараты курулат.
Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар порталына аталган имараттын курулушуна долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну жарыялады.
Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга 1 млн 310 миң 121 сом жумшоо пландалууда.
Катышуучулардын арыздары 2025-жылдын 28-майына чейин саат 09:00гө чейин кабыл алынат.
Техникалык тапшырмада айтылгандай, имарат бир кабаттуу болот. Курулуш аянты онлайн режимде күнү-түнү видеокөзөмөлгө алынат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
