Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Чолпон-Атада жөө күлүктөрдүн эл аралык жарышы өттү
Янгиликлар

Чолпон-Атада жөө күлүктөрдүн эл аралык жарышы өттү

Май 4, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышынын алдында Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road-2025” эл аралык марафону болуп өттү. Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев бул иш-чара спорттук жетишкендиктердин аянтчасы гана болбостон, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошуп, жарандарды активдүү жана сергек жашоого үндөй турганын белгиледи.

Ошондой эле өлкөдө спортту өнүктүрүүдө олуттуу жылыштар болуп жатканын айтты.

“2024-жылы тармакты каржылоо эки эсеге көбөйүп, 2 миллиард 141 миллион сомду түздү, ал эми 2025-жылга 2 миллиард 445 миллион сом бөлүү пландалууда. Өлкөдө жаңы спорт объектилери, анын ичинде Эл аралык футбол ассоциациясынын (ФИФА) стандарттарына жооп берген Борбор Азиядагы эң чоң стадион курулууда. Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп, 2024-жылы 835 медалды өлкөгө алып келишти”, – деди ал.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын туристтик өлкө катары популярдуулугу өсүп жатканын белгилеп, жергиликтүү калктын салттуу меймандостугу мындан ары да дүйнөнүн төрт бурчунан спортту жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөрдү өзүнө тартат деген ишенимин билдирди.

Марафондун алкагында жөө күлүктөр төмөнкү аралыктарда жарышты: марафон (42,2 км), жарым марафон (21,1 км), 10 км жана 3 км, ошондой эле скандинавиялык басуу.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТүптүк мугалим Г.Касымова самындан сувенир жасап, кошумча каражат таап келет
Next Article » Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турусбек Алымбековдун эрдиктерин жана эмгектерин келини эскерди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.