Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жана акча опузалаган жарандар кармалды, деп билдирди УКМК.
«К.Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого төмөнкү КР жарандарынын катыштыгы бар экендиги аныкталган: Б.Т.К. (буга чейин ИИМдин системасында жетекчилик кызматтарды аркалаган, кылмыш дүйнөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун лидери Ч.Жумагуловдун («Дөө Чыңгыз») өкүл атасы катары белгилүү), Т.Ч. (Ч.Жумагулов жана «мыйзамдагы ууру» аталган У.Токтосунов («Сакал») менен тыгыз байланышы бар) жана Т.А.Т. (К.Асанбекке жакын, жаш спортчуларды кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен алектенген, К.Асанбектин спорт боюнча куратору болгон, спорт мектептин директору кызматын ээлеген).
К.Асанбек, А.Анапияев жана Ч.Жумагулов Б.Т.К. менен сүйлөшүп, ок атуучу курал «АКСУ» автоматы жана психологиялык басым, күч колдонуу жолу аркылуу КР жаранынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан 2 млн долларга бааланган 2 га жерди тартып алышкан. Убакыт өткөндөн кийин жер Б.Т.К.нын жакын туугандарына катталган.
Мындан тышкары Б.Т.К., Т.А.Т. жана Т.Ч. «жок кылабыз» деп коркутуп, КР жаранынан 300 миң доллар алышканы аныкталган. Акча К.Асанбекке өткөрүлүп берилген. Бул боюнча УКМК дарегине ишкердик субъекттисинин өкүлү кайрылган.
Б.Т.К. Ички иштер министрлигинде иштеп турганда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин калкалоо менен, кызматтык маалыматтарды берип, колдоо көрсөткөн.
Топтолгон материалдардын негизинде 16-майда аталган адамдар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды», – деп айтылат расмий маалыматта.
«АКИpress» агенттигинин булактары билдиргендей, жогоруда Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Бегалиев Талас Кубанычбекович, Чыңгыз Таалайбек уулу жана Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын мурдагы жетекчиси Төрөгелдиев Асеин Тургунбекович жөнүндө сөз болуп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					