Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Дүйнөдөгү жашы эң улуу аял каза болду
Янгиликлар

Дүйнөдөгү жашы эң улуу аял каза болду

Май 3, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бразилиялык кечил Ина Канабарро Лукас 116 жаш 326 күн жашап көз жумду. Бул тууралуу «AFP» Порту-Алегри шаарындагы диний жамаатка таянып билдирди.

Америкалык Геронтологиялык изилдөөлөр тобунун (GRG) жана «LongeviQuest» маалымат базасынын маалыматы боюнча, эң узак жашаган адам титулу англиялык Суррей графтыгынан Этель Кейтеремге өттү. Ал былтыр август айында 115 жашка толгон.

Ина Канабарро Лукас дүйнөдөгү жашы эң улуу адам наамын январь айында япониялык Томико Итоока каза болгондон кийин алган. Ал дагы 116 жашта болчу.

Лукас өзү 1908-жылдын 27-майында төрөлгөнүн айтканы менен, документтер боюнча ал 8-июнда төрөлгөн, деп билдирди «AFPге GRG’нын» жетекчиси Роберт Янг.

Геронтологиялык изилдөөлөр тобунун маалыматына ылайык, Ина Канабарро Лукас Бразилиянын түштүгүндөгү Риу-Гранди-ду-Сул штатында төрөлгөн.

Ал бразилиялык генерал Дэвид Канабарронун чөбөрөсү болсо, атасы 1923-жылы согушта каза болгон. Кичинекейинде Лукас өтө арык болгондуктан анын өмүрүнө коркунуч жаралган, деп жазат «GRG».

Ал мектеп-интернатта билим алган. 1928-жылы Уругвайдын борбору Монтевидеого көчүп барып, кечил болуп, эки жылдан кийин Бразилияга кайткан. Андан кийин Рио-де-Жанейродогу мектепте португал тили жана математика боюнча сабак өткөн.

Лукас 2021-жылдын январында 112 жашында коронавируска каршы эмделген. Ал эми 2022-жылы октябрда ооруканада жатканда COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Бир айдан кийин ал айыгып, ооруну жеңген планетадагы жашы улуу адамдардын бири болгон.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкектен Ысык-Көлгө кошумча автобустар каттап баштады
Next Article Ат-Башыда «Япон күнү» белгиленип, бир катар долбоорлор тааныштырылды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.