Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Калматов Данияр Алпайизович Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка 22-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
23-майда юстиция министринин орун басары Кубан Казаков жаңы директорду жамаатка тааныштырды.
Буга чейин Калматов департаменттин директорунун орун басары, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратында Мониторинг башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
1-класстагы юстиция кеңешчиси класстык чинине ээ.
Буга чейин Пробация департаментинин директору Кубан Казаков болгон. 19-майда ал юстиция министринин орун басары болуп дайындалган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
