Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык турнирде үчүнчү алтын медалын утту.
«TYR Pro Swim Series» турниринин кезектеги этабы 30-апрелден 3-майга чейин Форт-Лодердейл шаарында (Флорида штаты) өттү.
3-майда Денис Петрашовдун катышуусунда 200 метрге брасс стилинде финалдык сүзүү болуп өттү. Кыргызстандык спортчу 2 мүнөт 10,29 секунда натыйжа менен биринчи келип, алтын медалга ээ болду.
Бул алтын Петрашов үчүн аталган турнирдеги үчүнчүсү болуп калды. Буга чейин ал 50 жана 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө жеңишке жеткен.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
