Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Америкадагы сууда сүзүү боюнча эл аралык турнирде өлкөнүн дагы бир рекордун жаңылады.
«TYR Pro Swim Series» турниринин кезектеги этабы 30-апрелден 3-майга чейин Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өттү.
2-майда 50 метрге брасс ыкмасы менен сууда сүзүү жарышынын финалдык бөлүгү болду. Анда кыргызстандык спортчу 26,94 секунд убакыт менен биринчи болуп, алтын медаль тагынды.
Бул жыйынтык — Кыргызстандын жаңы рекорду. Мурунку рекорд (27,1) дагы Петрашовго таандык болчу. Ал рекорд 2024-жылдын февраль айында Катарда өткөн дүйнө чемпионатында катталган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
