Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Депутат Жанар Акаев («Альянс») Кой-Таш окуясында башынан оор жаракат алып, майып болуп калган ошол убактагы полковник, учурдагы генерал Самат Курманкуловдун пенсиясын жогорулатууну сунуштады.
Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку кеңештин отурумунда билдирди. Депутат ИИМдин жетекчилиги менен өздүк курамы дайыма каражат чогултуп берип турушарын айтып, бул дайыма улана бербестигин белгиледи.
«Генералдын пенсиясын 21 миң сом менен чектеп койдук. Ал улам чет өлкөгө чыгып дарыланышы, реабилитация болушу керек экен. Бул каражат жетишсиз, үй-бүлөсү менен кыйналып жашап жатат», – деген депутат Минкабдын парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго анын пенсиясын жогорулатууну өзүнчө карап берүү сунушу менен кайрылды.
Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таштагы окуядан баш мээсинен жаракат алган. Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунан ага эки жолу операция жасалган.
12-августта ал Москвага Н.Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жеткирилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					