Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын АКШдагы жаңы элчисин кабыл алуу учурунда Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүүдө АКШ басымдуулук кылганын билдирди.
«Россия 9-майды чоң майрам катары майрамдайт. Алар бул согушта миллиондогон адамын жоготуп, чечүүчү фактор болушкан. Бирок согушту биз жеңип бергенбиз. Ошого карабай учурда бул күндү бизден башкасынын баары майрамдашат», – деген америкалык лидер.
Трамп буга чейин 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнү деп жарыялап, америкалыктарды согуш учурунда каза тапкан 250 миңден ашуун жоокерди эскерүүгө үндөгөн. Анын айтымында, америкалык аскерлер болбогондо, согуш башка өңүттө аяктамак.
АКШнын президенти буга чейин Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти Америка Кошмо Штаттарына таандык деп жарыялаган. 2-майда ал «Truth Social» социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу АКШ эки дүйнөлүк согушта тең жеңишке жетүү үчүн эбегейсиз иш жасаганын жазган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
