Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2025-жылдын май айынын башына карата өлкөдө 12 миң 411 бош жумуш оруну катталган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, жумушчу адистиктерге эң көп суроо-талап болгон. Бирок 8 844 ваканттык орунга суроо-талап болбой, орточо эсеп менен бир жумуш ордуна сегиз талапкер туура келген.
Ошол эле мезгилде жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында 52 миң 159 жаран катталган. Алардын ичинен 37 миң 245 адам эмгек мыйзамдары, кесиптик билим берүү жана кесип тандоо маселелери боюнча кеңеш алышкан. Отчеттук мезгилде 5335 жумушсуз жаран жумушка орноштурулду.
Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 3332 адам багытталган.
Эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен кесиптик билим берүүгө 2817 адам жөнөтүлгөн.
Суроо-талапка ээ болгон кесиптердин тизмесине төмөнкүлөр кирет:
- компьютер оператору;
- соода агенти;
- ашпозчу;
- косметолог;
- чач тарач;
- тырмак адиси;
- укалоочу;
- визажист;
- котормочу;
- 1С билген бухгалтер;
- тигүүчү;
- айдоочу;
- электр ширетүүчү;
- слесарь-сантехник;
- балчы.
Эмгек министрлигинин кесиптик багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен шаарларында, Өзгөн шаарында жана Чүй облусунун Сокулук районунда иштейт. Отчеттук мезгилде 27 миң 892 жаранга кесиптик багыт берүү боюнча кеңеш берилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					