Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл аймагына караштуу Түйтө айылында Мышык көчөсү бар. Аталган көчөнүн кандайча мындай аталыш алып калганы тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан маалымат алды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул көчө Мышык аттуу чоң аталарынын ысымынан коюлган.
«Биздин айыл 200гө жетпеген түтүндөн турат. 1 мектеп, 1 ФАП, 2 мечит, 1 маданият үйү, 1 бала бакча, 1 футбол аянтчабыз бар. Айылдын эли өтө ынтымактуу, 4 уруунун балдары жашашат. Алар Итикул, Атабак, Элтир жана Кийикбай деген аталардан тараган.
Түйтө айылында 4 көчө бар. Алардын бирөөсү өзгөчө Мышык көчөсү деген атты алып жүрөт. Бул жаныбардын атынан эмес, адамдын атынан коюлган. Мышык чоң атабыз болжолдуу 1910-жылдары туулса керек. Бул айылга алгачкы башкарма болуп иштеген экен. Ал бир гана уюштуучу эмес, эң мээримдүү адам катары эл оозунда калган. Оокат тартыш маалында жетим, жесир дегенди калтырбай, баарына оокатты тең бөлүп, баарын тең караган экен. Анын урматына ушул көчө анын ысымынан аталып калган. Азыр анын уул-кыздары дагы айылда үлгүлүү үй-бүлө болушкан.
Ал эми ал атанын аты эмнеге Мышык аталып калганы бизге дагы сыр болуп келет. 1970-жылдары Мышык ата чоң той өткөргөн экен. Ал тойго көптөгөн аттуу-баштуу коноктор келип, эл боз үйлөргө батпай, этти атчан балдар тынбай ташыган дешет. Атанын кадыр-баркы чоң болгон», – деди айылдаштары.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
