Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа базасынан 3 км алыстыкта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылы жайгашкан. Бул тууралуу 17-майда «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул тоо лыжа базасынын ачылышы түрдүү өлкөлөрдөн 2 млн туристти тартат жана 7 миң жумуш оруну менен камсыз кылат.
Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө аталган айылда туристтерди тейлеген 12 конок үйү бар. Ошондой эле анын айтымында, туристтерди тейлөө боюнча жергиликтүү калк үчүн Билим берүү министрлиги менен биргеликте тил курстары ачылган.
Андан тышкары, ал эмне себептен дал ушул чокулар тандалганын айтып берди.
«Европалык адистер Кыргызстандын ар бир бурчун, анын ичинде кардын курамын жана кар катмарын талдап чыгышкан. Андан соң алар эң ылайыктуу чокуларды – Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учукту тандап алышты. Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда кар катмары 3 айга чейин жатса, Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында 6 айга чейин сакталат. Ушул себептен улам дал ушул 3 чоку тандалды», – деди ал.
Маалымат үчүн:
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 16-майында «Ала-Тоо Резорт» (мурдагы «Үч чоку») тоо лыжа базасынын жер тилкелерине аукцион жарыялап, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында курула турган тоо лыжа базасы «Ала-Тоо Резорт» деп аталганын кошумчалаган.
Жыргалаң тилкесинде биринчи асма жол кийинки жылдын июль айында аяктайт. 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында лыжа трассалары менен биринчи фаза (Жыргалаң) ишке бериле тургандыгы күтүлүүдө.
Экинчи фазанын (Ак-Булак) курулушу 2027-жылы аяктайт, ал эми 2028-жылы үчүнчү фаза (Боз-Учук) бүткөрүлүп, андан кийин бардык үч тоонун трассалары бириктирилип, курорт толук кандуу иштей баштайт.
Биринчи фазаны (Жыргалаң) куруу үчүн каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.
Калган эки фаза (Ак-Булак жана Боз-Учук) бюджетке оорчулук келтирбөө үчүн жерлерди сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен курулат.
«Doppelmayr Seilbahnen GmbH Außenstelle Stetten» — бул австриялык «Doppelmayr» холдингинин филиалы. Холдинг асма жолдорду куруу менен алектенет, өндүрүштүк аянтчалары, ошондой эле дүйнөнүн 50 өлкөсүндө сатуу жана тейлөө боюнча филиалдары бар. Бүгүнкү күнгө чейин компания 96 мамлекеттен келген кардарлар үчүн 15 400дөн ашык асма жол системасын ишке ашырган.
Маселе тууралуу:
Буга чейин Франциялык «S3V» (Société de Trois Vallees) компаниясы тарабынан «Үч чоку» долбоору боюнча план иштелип чыккандыгы кабарланган.
«S3V» (Société de Trois Vallees) – Альпы тоосунун Франциянын аймагындагы бөлүгүндө жайгашкан белгилүү «Courchevel» – Куршевель лыжа курортунун оператору. Кыргызстанда анын аналогун түзүү пландалган. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларын бириктирген тоо лыжа курорттук базасын түзүү каралган.
Мындан улам Минкаб 2024-жылдын 7-июнунда Президенттин иш башкармасынын алдында «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик мекемесин түзгөн. Ал долбоорду ишке ашырууга жооптуу мекеме болуп дайындалган. Аны Жаркынбек Максүтов жетектей баштаган. Мындан соң Минкаб аянты 1624 гектарды түзгөн жер тилкесин «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берген. Ага ылайык, Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл округунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 870,13 га, 826,4 га жер аянттары айыл чарба багытынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттардагы жерлер» категориясына которулган.
Франциянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Франсуа Делаус берген маегинде франциялык эки компания сезондон тышкары тоолуу туристтик курорттун курулушуна катышып жатканын айткан.
Франциялык «S3V» (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан «Үч чоку» кластери Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа базасы болушу мүмкүн деген. Ал долбоор ишке ашырылгандан кийин 4,8 миң жумуш орун түзүлүп, салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 млн еврону түзөрүн жана курорттор жылына 10 ай иштеп, 850 миңге чейин туристти кабыл ала аларын белгилеген.
Экономика министрлиги долбоорду каржылоого жалпы 1,2 млрд евро керектеле турганын кабарлаган.
Президент С.Жапаров быйыл январь айында учурдагы курулуш министри Нурдан Орунтаевди үч кызматкери менен курортту көрүп, баамдап келиш үчүн Франциядагы «Куршевель» лыжа базасына жибергенин маалымдаган.
Кийинчерээк Министрлер кабинети «Доппельмайр Зайльбанен ГмбХ» (Doppelmayr Seilbahnen GmbH) компаниясын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Үч чоку» тоо лыжа кластери» (азыркы «Ала-Тоо Резорт») мамлекеттик маанидеги долбоору боюнча асма жолдун инфраструктурасын жеткирүүчү, долбоорлоочу жана куруучу катары аныктаган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					