Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » » Эркектерден кем калбаган чабандес Махабат Амантурова ат чаап, кыз куумайга катышып келет
Янгиликлар

» Эркектерден кем калбаган чабандес Махабат Амантурова ат чаап, кыз куумайга катышып келет

Май 25, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылынын тургуну Махабат Амантурова ат чаап, кыз куумайга катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Ал ашпозчулук менен массаж жасоо кесибин Кант шаарындагы №25 кесиптик-техникалык лицейинде окуган.

«Жайкысын жайлоодо, кышкысын Бишкекте болом. Ат чабуу өзүмдүн дээримде бар болчу, 2-3 жашымда атамдын таякеси атка өңөрүп, кээде атты мингенге берип коюп жүрүп, ошондон кызыгуум аябай күчөгөн. Ата-энем колдоп, ат мингениме каршы болушкан жок. Мен кайда барам десем жиберишет. 

2018-жылы биринчи жолу кыз куумайга түшүп биринчиликти алгам. Ошондон бери кыз куумай, кыз жарыштарда катышып жүрөм. 2023-жылы Түгөлбөй Сыдыкбековдун 90 жылдыгына карата Каркыра жайлоосунда жармаңке өткөн. Ошондо биринчиликти алып, кир жууган автомат машина утуп алгам.

Ат чапканыма байланыштуу атамдын инилери, кошуна абаларым “эркек бала болуп калсаң, абам менен жеңемди жыргатмаксың” деп айтышат. Кээде ат ала качып кетип араң токтоткон күндөр болгон. Элдер менин ат чапканымды көрүп аябай таң калышат. Кээ бири “эркектерге караганда кыйын минет экенсиң” деп айтышат. 

Азыркы учурда массаж жасап иштеп жатам. Күзүндө дагы башка окууларга окусам деген ойлорум бар. Быйыл бир кыз экөөбүз улакчы кыздар командасын түзүп чыктык. Бош убактымды ата-энем менен өткөрөм. Алар менен сүйлөшүп, ат бастырып келем. 

Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын. Менден уулу 2 эжем, 1 агам, иним бар.

Келечекте Кыргызстанга салымымды кошуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деген кыялым бар», – деди ал.

Учурда ал 23 жашта.

——————————

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сан-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Тологой айылы 1901-жылы (айрым маалыматтарда 1916-1930-жылдары) кыштак болуп негизделип, эл отурукташа баштаган.

Бийик тоолуу катаал шартка кирген бул айыл Ысык-Көлдүн түндүк-чыгышында орун алган. Түп районунун борборунан 40 чакырым жана Каркыра жайлоосундагы Казакстандын чек арасынан 50 километр алыстыкта жайгашкан.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТаластагы өзөндөн жаман сарынын балапандары табылды
Next Article 7 жаштагы Лейли талантынын аркасы менен кайрымдуулукка салым кошуп жатат

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.