Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Эртең менен жасалган кылмыштын чоо-жайы
Янгиликлар

Эртең менен жасалган кылмыштын чоо-жайы

Апрель 30, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облустук соту жабык сот отурмунда аял зордуктоо боюнча айыпталган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт. 

  • Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.

Айыпталуучу Дарашбай (аты өзгөртүлдү С.Д.С.) Ак-Суу районундагы айылдардын биринде туулган. Мурда соттолгон. Ысык-Көл облусундагы шаарлардын биринин тургуну. 

Тергөөнүн маалыматына караганда, Дарашбай 2024-жылдын 3-октябрь күнү саат 07:40 чамасында шаардагы батирлердин бирине мыйзамсыз кирип, жабырлануучу Чиегүл (аты өзгөртүлдү Ч.А.) уктап жаткан жеринен чочутуп ойготуп, күч колдонуп, бетке муштум менен уруп, эркине каршы зордуктаган.

Шаардык соттун өкүмү:

Дарашбай шаардык сот тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү (адамдын жеке менчигинде же башка укугунда турган турак жайга же башка объекттерге анын эркине каршы мыйзамсыз кирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Эки жазасы жарым-жартылай кошулуп, биротоло 5 жыл 2 айга камалган. Жаза өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 6-октябрынан баштап эсептелинген.

Жабырлануучунун көрсөтмөсү:

Жабырлануучу Чиегүл тергөө маалында жана соттук отурумдарда берген көрсөтмөлөрүндө окуя болгон күнү жолдошу эртең менен эрте жумушка кеткенин, өзү уктап жатканда Дарашбай үйүнө мыйзамсыз кирип келип күч колдонуп, зордуктап жаткан убакта, жолдошу келип калганын терезеден көрүп калып качып кеткенин айтып берген. 

Келтирилген даттануу:

Дарашбайдын өкүмгө макул болбой, облустук апелляциялык даттануу келтирген. Ал Чиегүлгө эч кандай зордуктоо болгон эместигин, жыныстык анын макулдугу менен болгонун күбөлөр тастыктап турса да, экспертизанын так корутундусу жок болгонуна карабастан сот аны күнөөлүү деп табып койгонун билдирген. Чиегүл  мурда көрсөтмө бергенде күйөөсү ичип келип, экөө уруша кеткени жөнүндө айтканын, демек бетиндеги жаракаты башка жагдайда да пайда болушу мүмкүн экенин көрсөтүп, шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп, аны актап берүүнү суранган. 

Ысык-Көл облустук сотунун өкүмү:

Ысык-Көл облустук соту 2025-жылдын 23-апрелинде иштин материалдарын карап чыгып, шаардык соттун Дарашбай жөнүндөгү өкүмүн өзгөрттү. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2024-жылдын 6-октябрынан баштап эсептелинип, өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылды. Чечимге нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleМинкаб Жалал-Абаддагы 8 га айдоо жерди индустриалдык-логистикалык борбор үчүн трансформациялайт
Next Article Электр энергиянын массалык өчүрүлүшүнөн улам Испанияда 5 адам көз жумду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.