Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » «Фронттон кат»: 11 күн бою кызыл чоктун арасында жүрдүм,
Янгиликлар

«Фронттон кат»: 11 күн бою кызыл чоктун арасында жүрдүм,

Апрель 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  9-майда Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү белгиленет.

Улуу Ата Мекендик согушка 365 миңден ашык кыргызстандык жаран барган. 1941-жылы Кыргызстанда түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясы Москваны коргоого катышкан. Командирликке Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор Иван Васильевич Панфилов дайындалган. Ошондуктан дивизия тарыхта панфиловчулар деген ат менен калды.

«Баракелде» басылмасы «Фронттон кат» рубрикасынын алкагында архивде сакталып калган согуштан келген каттарды жарыялайт.

Казакбаев Курманбек /1925-1945/

(Кат өзгөртүүсүз жарыяланат)

Ардактуу Акталаанын атыр жыттуу салкын авасынан дем алып жатышкан атам, апам, таякем!

Инилерим Дайырбек, Шүкүрбек, Сарылбек; жээндерим Карыбек, Тилекбүбү; Сууракан, Суурабүбү карындаштарым, ага-туугандар! Баарыңыр жалпы-жайык аман-эсен турасыңарбы? Тенти таяке, оорубай жүрөсүзбү?.. Мен 8-марттан 19-мартка дейре фронтто чабуулда жүрдүм, 19-март күнү Винниск шаарынын алдындагы катуу салгылашта жарадар болуп, госпиталга жаттым. Согуш кыйын. Анын түрүн адамга көрсөтпөсүн. Далай адам өлдү. Мен 11 күн бою кызыл чоктун арасында жүрдүм… Мыкаачы душмандардан көп шаарлар бошоду. Душманды биз жексен кылабыз, жеңиш биздики болот. Мен ишенем. Инилерим, жээндерим, силер жакшы окугула, элдин-жердин, ата-эненин татыктуу, сыймыктана турган уулдарынан болуп өскүлө. Вронтико үспөй жардам берип тургула. Ден соолук тилейли. Ден соолук болсо, жеңиш менен үйгө кайтам. Көрүшкөнчө.

Курманбек, 28 май… 1944.


Кат өзгөртүүсүз жарыяланды

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЭми Тайланд чет өлкөлүк жарандарды алдын ала электрондук каттоодон өтүүгө милдеттендирет
Next Article 4 баланын Бермет Мусаева айылда жашап, күнүнө 1 тонна сүт иштетип азыктарды жасап жатат

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.