Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Гүлчө айыл өкмөтүндө жакынкы жайытка мал жайган адамга айып пул салынды
Янгиликлар

Гүлчө айыл өкмөтүндө жакынкы жайытка мал жайган адамга айып пул салынды

Май 23, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө жакынкы жайытка мал жайган адамга айып пул салынды. Бул тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев билдирди. 

«Жакынкы жайыттар пайдалануучулардын кайдыгерлик мамилесинен  деградацияга учураганы анык. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик дагы элдин өтүнүчү менен көз жумуп келгенбиз. Аталган жайыт жерлер жакшыртылууга тийиш.

Жайыт жерлеринин деградациясын азайтуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйругу чыгып, жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизүү сунушталган.

Буйруктун негизги максаты:

– жайыттарды жакшыртуу менен деградация болгон жайыт аянттарын азайтуу;

– жаратылыш экосистемасын сактоо;

– мал чарба продукцияларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;

– мамлекеттин менчиги болгон жайыттарга аяр мамиле кылуу.

Акыркы учурларда жайыт пайдалануучулар тарабынан жакынкы жайыттар жыл сайын үзгүлтүксүз пайдаланып, жол жээктеги жана коммуникация бар жайыт аянттары пайдаланып, алыскы жайыттар толук пайдаланылбай жакынкы жайыттарга күч келүүдө. Ошол себептен 15 апрелден 15-сентябрга чейин жакынкы жайыттарды пайдаланууга чектөө киргизип, алыскы жайыттарды пайдалуунуу керектигин эскертебиз.

Андыктан, аталган чектөөнү эске алып, мал-жандыктарды Гүлчөнүн аймагында жакын жайыттарга, борбордук көчөлөрдө кароосуз калтырууда (жаюуда) айып пулдар салынарын эскертебиз. Кечээ, 21-майда малын жайган жаранга Укук бузулар кодексинин 252-беренесинин (жайыттарды жана чөп чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузуу) негизинде протокол толтурулуп, 7500 сом айып пул салынды», – деди ал.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКадамжайда дайынсыз болуп жаткан 11 жашар бала кошунасынын үйүнөн табылды
Next Article Ак падышага баш ийбей, дайынсыз жоголгон Көкүбай Торпок уулу

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.