Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Эл аралык Актөбө аэропортуна россиялык «Nordwind Airlines» авиакомпаниясынын учагы шашылыш конуу жасады.
Аэропорттон билдиришкендей, «Boeing-777» Екатеринбург шаарынан Сочиге учуп бара жатканында багытын өзгөртүүгө туура келген — жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, абалы кескин начарлаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 42 жаштагы аял учуу учурунда каза болгон. Өлүмдүн себеби белгисиз.
Учак Актөбө шаарына жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:35те конгон. Бортунда 564 жүргүнчү болгон, алар азырынча учакта калууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды