Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Миллиардер жана АКШ өкмөтүнүн натыйжалуулук департаментинин (DOGE) куратору Илон Маск коопсуздук маселеси, натыйжаларга жетүүдөгү кыйынчылыктар жана ишмердүүлүгүнө карата терс реакциядан улам саясаттан кетүүнү чечти. Бул тууралуу «The Washington Post» жазды.
Маск өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна тынчсызданууда. Ал өзүнө жана компанияларына ушундай күчтүү терс реакцияны күткөн эмес.
Маск өзү «Tesla» жана «SpaceX» компанияларын башкарууга көбүрөөк көңүл бурууну пландап жатат, бул тууралуу ал өзүнүн (Twitter) баракчасына мындай деп билдирген: “Мен кайрадан 24/7 графигинде иштеп, сүйлөшүү бөлмөлөрү, сервердик бөлмө жана заводдо уктап жатам”.
Буга чейин «Tesla» компаниясынын директорлор кеңеши Илон Масктын ордуна жаңы башкы директорду издөөнү баштаганы кабарланган. Мындай чечим «Tesla» акцияларынын төмөндөшүнө жана Маск компаниянын иштерине аз көңүл буруп жатканына нааразы болгон ири инвесторлорго байланыштуу кабыл алынган.
Илон Маск АКШ президенти Дональд Трамптын Truth Social социалдык тармагында да азыраак эскериле баштады. Буга чейин Трамп бизнесменди өз билдирүүлөрүндө белгилеп турчу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
